Контекст

Контрацепциянын заманбап каражаттарына болгон канааттандырылбаган муктаждыкты төмөндөтүү жана жубайлардын жана айрым адамдардын тукумулоочулук укуктарын колдоо үчүн үй-бүлөнү пландаштырууну репозициялоо үй-бүлөнү пландаштыруу 2020 боюнча ааламдашкан милдеттенмелерди колдогон ЧЕБА аймагында ЮНФПАнын иш-аракетинин маанилүү багыты болуп саналат.

ВиК үй-бүлөнү далилдүү пландаштыруу үчүн окутуунун интерактивдүү пакети аркылуу адам укуктарынын негизинде үй-бүлөнү пландаштыруу жаатында уюштуруучулук дараметти түзүүдө өлкөлөргө жардам берүүгө багытталган, жана 2012-жылы ЮНФПА РО ЧЕБАнын жана ЕС МФПСнын "Кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрдүн дараметин күчөтүү жөнүндө (диплом алдандагы жана дипломдон кийинки билим алуу, мисалы, аралыктык окутуу модулдары сыяктуу, модулдардын технологияларын пайдалануу аркылуу)" жогору деңгээлдеги жолугушусунда берилген сунуштарга түздөн-түз жоопторду берет.  

Обзор

ВиК аралыктык окутууну камсыз кылуу үчүн багытталган, ал үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча салттуу катышып окуу курстарды кошумчалайт жана окутуунун онлайн-чөйрөсүнүн ийкемдүүлүгүн жана артыкчылыгын камсыз кылат.

ВиК Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюмунун (СБУ) илимий негизделген маалыматтарга негизделген техникалык маалыматын, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча колдонмолордун (Үй бүлөнү пландаштыруу: Жеткирип берүүчүлөр үчүн Ааламдашкан Маалымдама, СБУнун Контрацепция усулдарын жана контрацепция усулдарын колдонуу үчүн практикалык сунуштарды колдонуу үчүн алгылыктуулуктун медициналык критерийлери)  эң негизги маалыматтарын, ЮСАИД, СБУ жана ЮНФПА тарабынан иштелип чыккан Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча окутуу-усулдук пакетти (ГТО) жана башка илимий негизделген булактарды колдонот.

Максаттуу аудитория

ВиК үй-бүлөнү пландаштыруу жаатында кардарларды тейлеген үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча адистер (алгачкы медициналык-санитардык жардам дарыгерлери, акушерлер жана гинекологдор) үчүн багышталган. Ошондой эле аны үй-бүлөнү пландаштыруу жаатында алдын алалык дипломдон кийинки медициналык окуунун резиденттери жана студенттери колдонушу мүмкүн.

Тилдер

ВиК англис тилинде иштелип чыккан жана камтууну кеңеңтүү жана менчик укугун чоңойтуу үчүн Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча негизги мекемелер жана эксперттер менен шериктештикте башка тандалган тилге которулган.

Техникалык талаптар

ВиК курстар кайсы болбосун заманбап веб-браузерде иштөө үчүн багышталган. Вик онлайн-курстарга кирүү үчүн минималдык тутумдук талаптар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:  

Тутумдарды. Операциялык тутумдарды бирин иштетип, аудионун чыгара алган компьютер:

  • Microsoft Windows Vista, 7, 8 же 10
  • Apple Mac OS X 10.3 жен андан кечирээк чыккан версиясы
  • Жок дегенде 768ге 1024  пиксель чыгарган монитор

Интернет-туташуу

  • Кең тилкелүү Интернет туташуу (кабелдик модем, DSL же LAN)

Браузерлер. Төмөнкүлөрдү кармаган JavaScript кошулган кайсы болбосун браузерлердин акыркы эки версиясы:

  • Microsoft Internet Explorer
  • Chrome
  • Mozilla Firefox
  • Apple Safari

Плагиндер

  • Adobe Flash Player 10+. Эгерде ал Сиздин компьютерге коюла элек болсо, Сиз Flash Playerди бул жерден акысыз көчүрүп алсаңыз болот.

ВиКти жакшыртуу үчүн жардам

Мазмуну же дизайны боюнча сунуштарды жөнөтүп, бизге ВиКти жакшыртууга жардам бериңиз. Комментарийлериңизди vic.improvement@eeirh.org дарегине жөнөтүңүз

Акыркы өзгөртүү: Воскресенье, 27 Февраль 2022, 20:02